Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Ысык-Көл районундагы "Алтын-Булак" пансионатын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Бул иштерге борбор калаа муниципалитети тарабынан 714 млн 722,7 миң сом бөлүнөт.
“Алтын-Булак” пансионаты Сары-Ой айылында жайгашкан жана 1975-жылдан бери иштеп келе жатат жана бул убакыт аралыгында бир дагы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Пансионатта суу, канализация, телефон байланышы, электр жарыгы бар. Аянты - 3,19 га, анын 0,59 пляж аянты.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясы “Алтын-Булак” пансионатын МЖӨ аркылуу калыбына келтирүү жолдорун талкуулаган.