Америкалык American Airlines авиакомпаниясы 25 миң кызматкерин жумуштан алуусу мүмкүн

16.07.2020, 14:30 Акчабар
Америкалык American Airlines авиакомпаниясы 25 миң кызматкерин жумуштан алуусу мүмкүн

Америкалык American Airlines авиакомпаниясы өзүнүн 25 миң кызматкерине алардын айлык акысын сактабастан эс алууга кетирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Документке ылайык, American Airlines өз кызматкерлерине айлык маянасын сактабастан төлөмсүз эс алууга кетирүүсү мүмкүн экендигин билдирген. Ишкананын кызматкерлерине келе жаткан күздө жумуштан кетүүгө даяр болуу айтылган. АКШ Конгресси авиакомпанияларга пандемиянын кесепеттерине карабастан жумуш орундарын сактап калуусу үчүн 25 млрд доллар бөлүп берүү тууралуу чечимине санкция койгон. Эмгек мыйзам чыгаруусу жумуш берүүчүлөрдү өз кызматкерлерин жумуштан алуудан мурда 60 күн калганда маалымдоого милдеттейт.

American Airlines ишканасынын жумушчуларынын жалпы саны 130 миңден ашуун экендиги айтылат. 2020-жылдын биринчи кварталында ишкана пандемиядан улам 2.2 млрд доллар чыгаша көтөргөндүгү айтылууда.

Тэги: American Airlines

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть