Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.03.2022, 07:00

Ушул жылдын 10-апрелинде үч шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Үгүт өнөктүгүнө 13 саясий партия катышууда. Добуш берүү Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул шаарларында өтөт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 11-мартка чейин, андан кийин үгүт иштери башталат.

БШК 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 10-мартта саат 24:00гө чейин аяктарын эскертет.

Айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп ар бир шайлоо округу боюнча 30 пайыздан кем эмес мандаттын аялдар үчүн сакталышы саналат.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:45:53
  • 13.06.2024, 00:45:43
  • 10.06.2024, 00:45:34
  • 09.06.2024, 21:10:08