Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылуучу ундар жер-жерлерге жеткирилүүдө

03.04.2020, 14:30 Акчабар
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылуучу ундар жер-жерлерге жеткирилүүдө

КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу үчүн өлкө аймактарына жеткирилип, таратылууда. Биринчилерден болуп Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жеткирилди.

Бөлүнгөн 790 тонна унду Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустардагы кампаларга жеткирди.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 257 тонна, Ош облусуна 205 тонна, Жалал-Абад облусуна 250 тонна жана Ысык-Көл облусуна 80 тонна ун берилди.

Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күнүнө 200 тоннага жакын унды аймактарга жөнөтүп турмакчы. Бул үчүн фонддун капмаларында буудай жана ун жетиштүү көлөмдө.

Бөлүнгөн ундар атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Тэги: Ун мамлекеттик материалдык резервде

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть