Опубликовано
02.05.2023, 05:40Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын тарифтери өзгөрүүсүз калат. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 1-майдан кийин деле алар бир киловатт-сааттка 50 тыйындан төлөй берет.
Андан тышкары, Жайыл, Чүй райондорунда пилоттук режимде “Нур-Кубат” долбоору ишке кирди. Программанын алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареялары орнотулат. Кийин мамлекет алардан ашып калган электр энергиясын сатып алууну пландап жатат.
Эске салсак, Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирди.