Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кызматтан кетти.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгону маалым болду.
Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.