«Балага сүйүнчү» үчүн бюджеттен 1 млрд 459 млн 995.4 миң сом жумшалган

07.09.2020, 13:40 Акчабар
«Балага сүйүнчү» үчүн бюджеттен 1 млрд 459 млн 995.4 миң сом жумшалган

Январдан сентябрга чейин Кыргызстан боюнча 362.7 миң балага 4 миң сомдон сүйүнчү төлөнүп берилген. Республикалык бюджеттен «балага сүйүнчүгө» 1 млрд 459 млн 995.4 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «балага сүйүнчүнүн» төлөө тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөн. Каражатты эч кандай жеке эсеп ачпастан 2 күн ичинде алууга болот. Ал үчүн паспорт жана баланын төрөлгөндүгү тууралуу документ керектелет.

Тэги: балага сүйүнчү бюджет бала наристе

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть