Кыргызстандагы бала бакчаларда тамак-аш ата-эненин эсебинен камсыздалат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Мекеме бул өлкөнүн “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында жазылганын белгиледи.
Буга чейин социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөй тургандыгы тууралуу маалымат тараган.