Баткен облусунда 30дай жаңы социалдык объект колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Арасында 8 мектеп, 4 бала бакча, 4 фельдшердик-акушердик түйүн, медициналык пунк, УКМК имараты, спорт зал, музей, тигүү цехтери, суу скважиналары жана ирригациялык тармактар бар.
Белгиленгендей, Баткен облусун өнүктүрүүгө жыл сайын 500 миллион сом каралат.