Баткенди өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында 36 долбоор ишке кирди

08.02.2024, 14:35 Акчабар
Баткенди өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында 36 долбоор ишке кирди

Баткенди өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында 36 долбоор ишке кирди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы облусту өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен дээрлик 542 млн сом бөлүнгөн. Анын алкагында айыл чарбасын жакшыртуу, интенсивдүү кооператив уюштуруу, тике суу кудуктарын казуу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана муниципиалдык тигүү цехтерин уюштуруу өңдүү иштер аткарылды.

Эске салсак, 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Министрлер кабинети жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүүгө 500 млн сомдон бөлүп туруу чечимин кабыл алган.

Тэги: Баткен долбоор бюджет чек ара чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть