Бажы кызматкерлери бажылык укук бузуу фактысын аныкташты

29.04.2022, 09:49 Акчабар
Бажы кызматкерлери бажылык укук бузуу фактысын аныкташты

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери бажылык укук бузуу фактысын аныкташты, - деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бажы кызматкерлери «Г.К.П.З.» ЖЧКсы 2017-жылдын июнунан 2021-жылдын март айын кошуп ар түрдүү техниканы жана транспорт каражаттарын Салык кодексинин 301-беренесине (259) ылайык, КНСти төлөөдөн бошотуу менен бажылык жактан негизги каражаттар катары таризделгенин аныкташты.

Техниканы жана транспорт каражаттарды максаттуу колдонууга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө жогоруда аталган ЖЧК 2022-жылдын 1-январынан тарта өз ишмердигин токтотуп, бажы декларациясын тиешелүү түрдө оңдобостон жана бажыга байланыштуу төлөмдөрдү төлөбөстөн жокко чыгаруу процедурасын баштаганы аныкталды.

«2020-жылдын 13-февралындагы № 79 Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 5-главасынын 57-пунктуна ылайык, товар шарттуу чыгарылган деп эсептелинген Кодекс тарабынан белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин (же товар сет мамлекеттик статусун сактаган мөөнөттүн ичинде) негизги каражаттарды ажыратууда субъект товарларды чыгарууну жүзөгө ашырган бажы органына КНСти төлөйт», - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бошотулган КНСтин жалпы суммасы 9 млн 320 миң 932,76 сомду түзгөн.

Тэги: бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть