Бажы кызматкерлери наркы 1,1 млн сомдук контрабандалык тамекини кармады

21.02.2022, 17:37 Акчабар
Бажы кызматкерлери наркы 1,1 млн сомдук контрабандалык тамекини кармады

Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак айылында кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.

"Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт",- деп айтылат маалыматта.

Бул факт каттоо алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Тэги: акциздик маркасыз тамекилер Мамлекеттик бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть