Бажы кызматы бюджетке келтирилген 2 млн сомдук зыяндын бетин ачты

03.04.2024, 10:45 Акчабар
Бажы кызматы бюджетке келтирилген 2 млн сомдук зыяндын бетин ачты

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери Д.И.Д. аттуу кыргызстандык жарандын “Lexus GX470” үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз Кыргызстанга алып келгенин аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Унаа ЕАЭБ аймагына каттоосуз алып келинген жана тиешелүү документтери болгон эмес.

“Унаа Литвадан сатылып алынып, тетиктери бөлүнгөн. Бажыдан камдык бөлүктөр катары таризделген. 25-февралда “Д.И.Д.” аттуу жаран унааны техникалык тейлөө станциясында мыйзамсыз чогулткан”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млн 298 миң 240 сомду түзгөн.

Тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Тэги: бажы кызматы мыйзамсыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть