Бейшеналиев: быйыл милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизилет

03.01.2024, 14:45 Акчабар
Бейшеналиев: быйыл милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизилет

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдан тарта Кыргызстандын бардык жарандары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизиле турганын эскертти. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

Ал Министрлер кабинети бардык жарандарды медициналык тейлөө менен камтуу милдетин койгондугун, парламент депутаттары кабыл алган мыйзамга ылайык, студент эмес жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Социалдык фондго төгүм төлөбөгөн кыргызстандыктар полисти сатып алышы керектигин белгиледи.

“Анын баасы 1 миң 722 сом болуп, 12 календардык ай бою жарактуу болот. Полис амбулатордук шартта жеңилдетилген медициналык кызматтарды жана дары-дармектерди алууга мүмкүндүк берет”, - деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, мыйзамда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин жоктугуна жаза каралбаганы менен, жарандар медициналык жардамга муктаж болсо, өздөрү каржылык жактан кыйналышат, анткени медициналык кызматка жана дары-дармекке көп акча кетет.

Тэги: саламаттык сактоо Алымкадыр Бейшеналиев милдеттүү камсыздандыруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть