Беш жүз миңден ашык жарандын пенсиясы 2 миңден 7 миң сомго көтөрүлдү

05.02.2024, 16:41 Акчабар
Беш жүз миңден ашык жарандын пенсиясы 2 миңден 7 миң сомго көтөрүлдү

Кыргызстанда 2023-жылы 500 миңден ашык жарандын пенсиясы 2 миң сомдон 7 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу “Акчабарга” Соцфондун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Ошондой эле, ал жарандарды пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн төлөөгө чакырды.

“Биз камсыздандыруу принцибин сакташыбыз керек. Бул канчалык көп камсыздандыруу төлөсөң, ошончолук пенсияң жакшы болот дегенди билдирет. Эл аралык эмгек уюмунун сунуштамасына ылайык, үч иштеп жаткан адамга бир пенсионер туура келет. Ал эми Кыргызстанда бир пенсионерге 0,8 пенсионер туура келет. Бизде бир пенсионерге бир да иштеп жаткан адам туура келбейт”, - деди Бактияр Алиев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө көмүскөдө иштеген 600 миңден ашык жаран бар. Аларды көмүскөдөн чыгаруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 27%дан 14% чейин түшүрүү каралууда.

“Эгер камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөтүлсө, көмүскөдөгү жарандар аны көбүрөөк төлөй баштайт деген ишенич бар”, - деди Соцфонддун төрагасы.

Тэги: пенсия Соцфонд Бактияр Алиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть