Билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасы автоматтык түрдө которулат

07.02.2020, 12:30 Акчабар
Билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасы автоматтык түрдө которулат

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун айлык акыны электрондук түрдө которуу системасына окутууну баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган система айлык маянаны эсептеп, бул процессти жеңилдетип, акча каражаттарынын эффективдүү эсептелишин камсыздап, бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонууну кыскартып, жогорку каржылык жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзүп, негизсиз төлөм берүүну алдына алып, бухгалтердик ишмердүүлүктү көзөмөлдөйт. Жооптуу органдар жүргүзгөн текшерүүдө кемчиликтер чыккандыгына байланыштуу, ар бир мугалим ар кандай маяна алып келген деген кортунду чыккан. Ошондой эле бухгалтердик учет жакшыртылган.

Билим жана илим министри Каныбек Исаков кызматкерлерди өз жумушуна олуттуу мамиле кылып, окууга чакырды.

«Мугалимдер арасында бухгалтерлерге болгон нааразычылык бар. Азыркы учурда биз министрликтин кызматкерлери менен жарандардын ортосундагы мамилени жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Минстрликтин демилгеси мугалимдин кесибинин престиждүүлүгүн жогорулаттуга багытталган, андыктан сиздер дагы системага инновацияларды киргизе аласыздар»,-деди министр.

Семинарлардын биринчи күнүндө окутууга Ысык-Көл жана Баткен облустарында 55 бухгалтер катышты. Алар айлык маянаны электрондук которуу системасын үйрөнүүгө эки күн ичинде окуудан өтөт.

15-февралда окутуучу семинарлар Билим жана илим министрлигинин имаратында өтөт. Аталган семинарлар 10 күндүн ичинде баардык региондордо өткөрүлөт. Окутуу аяктагандан соң билим берүүнүн шаардык жана региондук бөлүмдөрүнө 55 компьютер коюлат.

Айлык маянасын автоматташтыруу Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында киргизилүүдө.

2019-жылдын ноябрында аталган система Ысык-Ата, жана Түп райондору менен Жалал-Абад шаарында апробацияланган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть