Он бир чет элдик унааны башка адамга билгизбей каттап коюшкан

22.02.2024, 11:17 Акчабар
Он бир чет элдик унааны башка адамга билгизбей каттап коюшкан

Бишкекте 11 чет элдик унааны бажыдан аялга билгизбей каттатып коюшкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

2023-жылы жазында Германиядан, Түштүк Кореядан жана Япониядан алынып келинген 11 унаа үчүн 618 миң сомдон ашык салык чегерүүлөрүн төлөө талабы менен Салык кызматынан кат алган. Бирок, чындыгында, анын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси бул унааларга эч кандай тиешеси жок болуп чыккан.

Текшерүүдө белгисиз адамдар 2023-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин бажылык жол-жоболоштуруу жайларынын (БАЖ) аймагында автоунааларды мыйзамсыз түрдө тиешелүү мамлекеттик төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, жасалма кол коюу жолу менен мыйзамсыз түрдө автоунааларды бажылык жол-жоболоштурууну жүргүзүшкөнү аныкталган.

Бардык 11 унаанын жалпы баасы 19 млн сомдон ашык.

Ошол эле учурда каттоо учурунда башка адамдардын жеке маалыматтары, тактап айтканда, жаран К.В.нын паспорту колдонулган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү “Документтерди жасалмалоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Тэги: мыйзамсыз чет элдик унаа унаа ташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть