Бишкек мэриясы эски автобустарды 21,3 млн сомго сатты

09.01.2024, 09:45 Акчабар
Бишкек мэриясы эски автобустарды 21,3 млн сомго сатты

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын аймагында турган 386 эски автобустарды сатты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриянын маалыматы боюнча, унаалар жалпы суммасы 21 млн 391 миң сомго сатылган.

"Бардык каражаттар шаардык бюджетке которулат. Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти сынак жарыялап, аукционго 566 арыз түшкөн. Автобустардын сметалык баасы орто эсеп менен 32 миң сомдон 42 миң сомго чейин”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: эски автобустар Бишкек мэриясы аукцион

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть