Бишкектин түштүгүнө 5 миң орундуу концерттик зал, соода борбор курулат

23.12.2020, 17:00 Акчабар
Бишкектин түштүгүнө 5 миң орундуу концерттик зал, соода борбор курулат

Бишкектеги 11-кичирайондун аймагы көп функционалдуу борбор болуп курулат. Тиешелүү долбоор мэрия тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу экономика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жарыяланган атайын сынакка соода борбору жана 5 миң орундуу концерттик зал, спорттук комплексти камтыган долбоор утуп алды. Демилгечилер бул долбоор ишке ашып кетсе, көптөгөн конокторду өзүнө тартарын ишенимдүү түрдө айтышууда.

«Мамлекеттик каражаттын тартыштыгын эске алуу менен, курулуш иштери инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик жеке өнөктөштүгүнүн эсебинен ишке ашырылат. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк макулдугу 30 жылга чейин бекитилет», — деп белгилешти ведомстводон.

Тэги: Бишкек курулуш мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть