akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Республикалык штаб

    Опубликовано

    07.07.2020, 04:30

    Бүгүн, 7-июль күнү Бишкекке Екатеринбургдан (Россия) 218 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

    [news 25816]

    Кыргызстандык жарандар «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

    Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна калтырган арыздары боюнча түзүлүп, бул каттам менен кош бойлуу аялдар, кары адамдар, Урал Федералдык аймагындагы окуу жайларда окуган кыргызстандык студенттер, Кыргызстанга келип коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган ыктыярчы дарыгерлер жана медайымдар алынып келген.

    Андан тышкары активисттер жана Башкы консулдуктун кызматкерлери бул каттам менен Кыргызстандын медициналык мекемелери үчүн жалпы суммасы 4,3 миң долларга кычкылтек концентратору, глюкометр жана жеке коргонуучу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардамын берип жиберишкен.

    «Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда», - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее