Чыныбаева: Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт

26.03.2021, 13:10 Акчабар
Чыныбаева: Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт

Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда шаардык штаб Бишкектин аймагына карантин киргизүү маселесин карай элек.

«Азыркы учурда коомдук жайларда санитардык нормаларды сактоону, атап айтканда, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, санитардык тазалоону киргизүүнү көзөмөлдөп жатабыз. Ошондой эле ишкердик субъектеринин ээлеринин аталган нормаларды сакталышына көзөмөл күчөтүлөт», - деди ал.

Вице-мэр эпидемиологиялык абал начарласа шаардык штаб кошумча чектөө чараларын киргизүү маселесин карайт деп белгиледи.

Өз кезегинде КРнын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы адиси Айбек Оморов көптөгөн ишкерлер жана шаардыктар жөнөкөй эле санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын белгиледи.

«Өткөн жылы 3 миң 961 ишкердик субъекттери текшерилип, бузуу тууралуу 607 протокол түзүлгөн. Азыркы учурда ишкердик субъектеринин санитардык эрежелерди сактоосу боюнча рейддер уланууда», - деди ал.

Тэги: Чыныбаева Бишкек Карантин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть