Жумакадыр Шүкүров көчөсүн бойлой Чоң Чүй каналы аркылуу Медеров көчөсүнө чыгуучу көпүрө курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендерди Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жарыялаган.
Сметалык баасы 23 млн 163 миң 965 сомду түзүп, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 20-майга чейин.
Ишти аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын 30-ноябры.