Ордо калаада 4-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындай чечим бүгүн күз-кыш мезгилине даярдык боюнча оперативдүү штабдын жыйынында кабыл алынды.
“ӨКМдин гидрометеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук күтүлбөйт”, - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилеп кетсек, жылуулук абанын суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.