Бишкекте акылдуу жол чырактар орнотулууда

12.01.2024, 10:11 Акчабар
Бишкекте акылдуу жол чырактар орнотулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке ашыруу долбоорунун алкагында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак объектилерин модернизациялоо менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мэр жол чырак объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырды. Акылдуу жол чырактардын өзгөчөлүгү - автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).

Долбоор буга чейин үч көчөдө - Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган.

Белгилеп кетсек, биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат.

Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Тэги: акылдуу жол чырак Бишкек мэриясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть