Бишкекте балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт

06.12.2023, 17:20 Акчабар
Бишкекте балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт

Бишкекте балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай чара сасык тумоо көп жайыла баштаганы менен байланыштуу.

Анын алкагында шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар үчүн эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын саны көбөйтүлөт.

Бейтаптар иш күндөрү таңкы саат 8ден кечки 8ге чейин, дем алыш күндөрү эртең мененки 8ден күндүзгү 2ге чейин эки нөөмөттө кабыл алынат.

Сасык тумоону алдын алуу үчүн беткап режимин жана аралыкты, дем алуу гигиенасын сактоо сунушталат.

Тэги: сасык тумоо саламаттык сактоо бейтап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть