Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу 50 жай пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, парковка алдына 49 жер тилкеси аныкталды.
Мэрия бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында иштөөнү пландап жатат.
"Унаа токтотуу жайларды курууга кызыктар ишкерлерге жер тилкелери сынаксыз берилет", — деди Абдыкадыров.
Белгилеп кетсек, муниципалитет айрым борбордук көчөлөрдө парковкага тыюу салууну сунуштады.