Бишкектеги №107 маршруттук каттамга 14 автобус киргизилди

17.11.2023, 09:55 Акчабар
Бишкектеги №107 маршруттук каттамга 14 автобус киргизилди

Бишкектеги №107 маршрутту мэриянын муниципалдык ишканасы тейлемей болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми №107 кичи автобустун ордуна ушул эле номердеги автобустар жүрө баштады. Маршрут “Арча-Бешик” конушунан “Ак-Босого” конушуна чейин созулат.

Ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, жолдун узундугу 38 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

Мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.

Тэги: каттам Авто-Жол автобус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть