Бишкектин четинде жаңы «Унаа» борбору ачылат

21.03.2024, 15:36 Акчабар
Бишкектин четинде жаңы «Унаа» борбору ачылат

Бишкектин четинде мамлекеттик мекеменин жаңы бөлүмү ачылат. Ал суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеме Биримдик-Кут конушунда, айланма жолдун боюнда (Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу) аянты 500 чарчы метр жаңы имарат курулат.

“Пайдаланууга берилгенден кийин жарандар жаңы бөлүмдүн кызматынан өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убакта пайдалана алышат. Жаңы бөлүм пилоттук долбоор болот. Май айына чейин курулушту бүткөрүү пландалууда, андан кийин аны иштетүү башталат. Ачылыш аземине даярдыктар көрүлүүдө”, - деп белгилешти мекемеден.

Тэги: автоунаа унаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть