Бишкектин кийинки жылга бюджети 21,5 миллиард сомдон ашат. Тиешелүү мыйзам долбоору шаардык кеңештин сайтында жарыяланды.
Бул сумманын 9 миллиарды шаардык бюджет болсо, калганы райондордун каражаты.
Чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешенин алкагында бөлүштүрүлөт. Айлык, социалдык фондко төлөмдөр, медициналык препараттар, азык-түлүк, пособие жана стипендия сыктуу беренелер биринчи кезекте каралат.