Кыргызстанда быйыл энергетика тармагын каржылоо көбөйтүлөт. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бул тармакка 74 миллиард сом каралган.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 41 миллиард сомго көп.
Каражат “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” компанияларынын уставдык капиталын жогорулатууга жана күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүгө багытталат.
Андан тышкары, бюджеттик насыяларды жабуу дагы каралат.