Быйыл пара-спортчуларды каржылоого 4 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Бахтияр Бокоев билдирди.
Анын айтымында, календардык план боюнча жалпысынан 2 млн 150 миң сом бөлүнгөн.
“Бирок, кийинчерээк кошумча каржылоо болду. Ошентип, жалпысынан 4 млн сомго жакын каражат бөлүндү”, - деди ал.