Былтыр «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алгандардын саны 12,6%га өскөн

26.02.2024, 16:55 Акчабар
Былтыр «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алгандардын саны 12,6%га өскөн

2023-жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги аркылуу кызмат алган жарандардын жалпы саны 1 млн 490 миңден ашык адамды же республиканын калкынын 21%га жакынын түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегияда билдирди.

Анын айтымында, 607,4 миң адам жөлөкпул жана компенсация алган.

“Активдүү иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чараларынын аркасында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 16,5%га кыскарган. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун орточо суммасы 1 миң 359,4 сомду түздү. Ошол эле учурда, бул жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн 91,3% жеңилдетилген тариф менен электр энергиясы үчүн төлөшөт”, - деди ал.

Министр белгилегендей, өткөн жылы бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул алуучулардын саны 12,6%га өскөн. Бул жөлөкпул бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга 4 миң сомдон бирдей өлчөмдө дайындалат, үч жана андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.

“Жалпысынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 14 млрд 72 млн сом каржыланды”, - деди Баатырова.

Тэги: балага сүйүнчү бир жолку төлөм жөлөкпул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть