2023-жылы 1,6 млн тонна дан эгини жыйналды, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 13%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Белгиленгендей, дан эгиндеринин көлөмүнүн төмөндөшү 2022-жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн 14,6 %га азайышы менен байланыштуу. Анткени жай айларындагы жогору температуранын кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 25,7%, арпанын жыйымы – 29,2 % кыскарган.
Ал эми, кант кызылчасынын дүң жыйымы 32,7%, тамеки 19,2%, жүгөрү 9,2%, жашылча өсүмдүктөрү 4,6%, бакча өсүмдүктөрү 4,2% жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 1,2% олуттуу өсүшү байкалган.