Былтыр өлкө бюджеттин планы 31 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

11.02.2022, 10:06 Акчабар
Былтыр өлкө бюджеттин планы 31 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Өткөн жылы бюджеттин планы 31 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, былтыр жаңы министрлер кабинети шайланып жатканда консолидацияланган бюджетти 280 млрд сомго аткарабыз деген убада болгон.

"Бирок тарыхта биринчи жолу бюджетти 31 млрд сомго ашыгы менен аткардык. Мындай ийгиликке биз салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу жана санариптештирүүнүн эсебинен жетише алдык. Ошондой эле биринчи жолу 1,5 млн доза вакцина бюджеттин каражатына сатылып алынып, элге бекер таратылды. Андан тышкары, 30 жылдык тарыхта биринчи жолу өз каражатыбызга аскердик техника сатып алдык", - деди ал.

Ошондой эле ал 2021-жылы тыштан карыз алынбаганын белгиледи.

Тэги: Арзыбек Кожошев салык жана бажы кызматтары бюджеттик план

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть