Былтыр Майлуу-Суу лампа завод 62,5 млн даана лампа даярдаган

11.02.2022, 12:12 Акчабар
Былтыр Майлуу-Суу лампа завод 62,5 млн даана лампа даярдаган

Жалал-Абаддагы ири Майлуу-Суу лампа заводу 2021-жылы 62 млн 500 миң даана лампа даярдаган. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Азыркы учурда электр лампочкаларынын 40ка жакын сапаты жогору түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет.

Аталган жайга облус башчысы Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.

"Учурда Майлуу-Суу лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүктөрү менен 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Бул жайдын башкы маселеси катары өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар экени белгиленди. Ага байланыштуу жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Облус башчысы ири заводду натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Алдыда Майлуу-Суу лампаларын мамлекеттик мекемелерге сатууну жолго коюу демилгеси министрлер кабинетине сунушталарын билдирди. Бул шаар калкынын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздаган заводдун ишин жандантуу жана атамекендик өндүрүштү колдоо аракети экенин айтты.

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен

Тэги: Майлуу-Суу лампа завод Абсаттар Сыргабаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть