Үч жылда ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсе көбөйдү

05.02.2024, 17:33 Акчабар
Үч жылда ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсе көбөйдү

Кыргызстанда үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер төрт эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 75 миң 695 контролдук-кассалык аппарат ийгиликтүү колдонулууда. Бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйдү.

ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Бул чаралардын алкагында ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта

Тэги: ККМ салык киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть