«Чоң-Алай-Балы» кооперативи 100 баш топоздуу болду

16.02.2024, 11:22 Акчабар
«Чоң-Алай-Балы» кооперативи 100 баш топоздуу болду

Чоң-Алай районунун Дооткоргон айылында жайгашкан “Чоң-Алай-Балы” товардык сервистик айыл чарба коммерциялык кооперативине Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 100 баш топоз берилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган долбоор Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Ага ылайык 11 млн сомго 180 баш топоз сатып алуу каралган. Аталган топоздор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан сатылып алынган .

“Учурда кооперативде топоздордун саны 120 баш болсо, аталган долбоордун көмөгү менен алардын саны 230 башты түздү. Ошондой эле 15 жаңы жумуш орду түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кооператив 2018-жылы түзүлүп, алгач 1000 бал челек менен өз ишин баштаган. 2023-жылы 3000 бал челектен 30 тонна бал өндүрүп, анын 6,5 тоннасын Катарга экспорттолгон.

Тэги: топоз Чоң-Алай дүйнөлүк банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть