Акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин айлык акысы эки эсеге көбөйтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин айлык акысы 100%га жогорулады.
“Бир жылда, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50 пайызга жогорулаган. Мында бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жери, бийик тоолуу, илимий даражалар, эмгек стажы, категориялар жана башкалар) сакталып, кызматтык маянага кошулган”, - деп айтылат маалыматта.
Быйыл биринчи жарым жылдыкта орточо эмгек акы төмөнкүдөй болду:
Эскерте кетсек, бир күн мурун социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ысык-Көл облустук ооруканасынын ординаторлору байланышып жатканын билдирген. Анын айтымында, алар аз айлык – 5 миң сом аларына нааразы болушкан.