Депутат: «Бүгүнкү күндө Соң-Көлдө, Ысык-Көлдө дагы балык жок»

30.01.2020, 15:00 Акчабар
Депутат: «Бүгүнкү күндө Соң-Көлдө, Ысык-Көлдө дагы балык жок»

2019 - жылы 30 - майда премьер-министр балык чарба боюнча указ чыгарган. Указ Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорациясына 3 айдын ичинде аткарууга берилген. Бирок, андан бери 7 ай өтсө дагы бул указ тиешелүү тараптан аткарылбай келет. Бул тууралуу ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттин жыйынында билдирди.

2008 - жылы Соң-Көл жана Ысык-Көлдө балык уулоого 5 жылдык мараторий жарыяланган. Ал учурда балыктын запасы 700 тоннаны түзгөн. 2013 - жылы мараторийдин убагы бүткөндө, балык 3,5 миң тоннага жогорулаган.

«Бирок, бүгүнкү күндө балыктын саны көбөймөк турсун, балык азыр Ысык-Көл, Соң-Көлдө дагы жок. Мараторий бүткөн соң, өкмө тиешелүү указды 11 жылдан кийин эмес, ошол учурда чыгаруусу керек болчу. 11 жыл ичинде же мараторий же тиешелүү эч кандай иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. Эмне үчүн балык чарбасы боюнча суроо буга чейин берилген эмес? Жеке балык чарбасы иштеп турганда, алар өздөрү браконьерлерден балыкты коргоп турушчу. Бүгүн болсо, браконьерлер балыкты күн сайын жок кылышууда», - деп айтты эл өкүлү.

ЖК депутаттары Кыргызстандын аймагына балык уулоочу синтетика торду өндүрүүгө жана колдонуу боюнча мыйзам долбоорун жактырышкан. учурда аталган мыйзам президенттин кароосунда.

«Синтетика менен балык кармаган экологияга катуу кедергисин тийгизет. Браконьерлер балыкты ого бетер жок кылып жатышат», - деп кошумчалады депутат.

Тэги: балык Депутат мараторий Соң-Көл Ысык-Көл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть