ДССУ: Дүйнөдө тамеки тарткандардын саны азайууда

19.01.2024, 11:00 Акчабар
ДССУ: Дүйнөдө тамеки тарткандардын саны азайууда

Дүйнөдө тамеки тарткандардын саны азайууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө бир миллиарддан ашуун чоң киши тамекиге көз каранды. Бирок бул 2022-жылга салыштырмалуу 19 миллионго аз.

Докладда ошондой эле 150дөй өлкө тамеки колдонууну ийгиликтүү азайтып жатканы белгиленет. Лидерлердин арасында Бразилия менен Голландия бар. 14 жыл ичинде алар тамеки тартууну 35 процентке азайткан.

Ошол эле учурда эң жогорку көрсөткүч Түштүк-Чыгыш Азиянын аймактарында байкалат. Анда жалпы калктын үчтөн бирине жакыны чылым чегет. Экинчи орунда Европа турат.

Тэги: ДССУ тамеки саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть