Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы бала бакчаларга каржылык колдоо көрсөтүүдө

19.01.2024, 11:30 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы бала бакчаларга каржылык колдоо көрсөтүүдө

Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү болгон материалдарды жеткирилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери жүрүүдө.

“Ош облусунда - 56, Жалал-Абад облусунда - 85 жана Чүй облусунда - 3, жалпысынан 144 объектте эмеректер да орнотулду. Учурда кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Тэги: дүйнөлүк банк бала бакча кыска мөөнөттүү билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть