2020-жылдын январь-июнь айларында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө айыл-чарба продукциясынын өндүрүшү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 пайызга көбөйүп, 31.5 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын материалдарында айтылат.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын январь-июнь айларындагы өсүш 2018-жылдын окшош убагына салыштырмалуу 1.1 пайызды түзгөн.
Айыл-чарба продукциясын өндүрүү
(мурунку жылдын окшош мезгилине карата; такай бааларда)
2020-жылдын январь-июнь айлары 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу | Маалымдама: 2019-жылдын январь-июнь айлары 2018-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу | |
Армения Беларус Казакстан Кыргызстан Россия ЕАЭБ | 101.9 103.7 102.4 102.5 103.0 103.0 | 93.5 100.2 103.8 101.7 101.0 101.1 |