Опубликовано
11.11.2020, 05:35ЕАЭБ өлкөлөрүндө үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында транспорт аркылуу 8.9 млрд тонна жүк ташылган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 6.9% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
[news 29860]
Комиссиянын берген маалыматына ылайык, Россия жана Казакстанда 5.7 млрд жана 2.8 млрд тонна транспорт аркылуу жүк ташылган, ал эми Кыргызстандыкы болгону 17 млн тоннаны түзөт.
Түтүк транспорту менен 1 млрд тонна жүк, темир жол менен - 1,3 миллиард, аба аркылуу - 850 млн тонна, суу аркылуу- 106 млн тонна жүк ташылган.