Экономика министринин орун басарлары алмашты

06.04.2022, 15:17 Акчабар
Экономика министринин орун басарлары алмашты

Экономика жана коммерция министринин эки орун басары алмашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта кол койгон буйруктун негизинде Чоро Сейитов экономика коммерция министринин биринчи орун басары, Вероника Исаева орун басары болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырып жатып, алардын ар кандай мамлекеттик түзүмдөрдө иштегенин, экономика жана финансы, өнөр жай тармактарында жетиштүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле алдыга коюлган милдеттерди, бардык тармактарда тыгыз жана натыйжалуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Айта кетсек, экономика министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов жана Элдар Алишеров ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Тэги: экономика министри Вероника Исаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть