akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.12.2020, 06:00

    Кыргызстанда электр энергияга болгон талаптын саны өсүп жаткандыктан, тарифке болгон бааны көтөрүш керек. Бул тууралуу ААК «Кыргыз энергетикалык эсеп борборунун» башкы директору Таалайбек Байгазиев билдирди.

    [news 31225]

    Анын айтымында, тарифти жогорулатуу экономиканы өнүктүрүүгө жана энергетикалык кубаттуулуктун өсүшүнө жардам берет. Бирок, ошол эле учурда тарифтин баасы графикке ылайык, жогорулашы керек.

    «Коңшу өлкөлөрдүн бардыгы тең тарифтин баасын көтөрүштү. Энергетика тармагында коррупциялык тобекелчиликтер бар. Компаниянын чыгашаларын оптималдаштыруу керек. Бул тарифти жогорулатуу менен бирге болушу керек», — деп белгиледи ал.

    Байгазиев кошумчалап кеткендей, калктын аялуу катмары үчүн социалдык тариф керек. Ал эми калктын башка бөлүгү рыноктук режимде колдонуусу шарт.


    Читать похожее