Электромобилдерди импорттоо боюнча жеңилдиктер узартылды

27.11.2023, 12:30 Акчабар
Электромобилдерди импорттоо боюнча жеңилдиктер узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдер үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет.

"Орусияда жарандыгы жана (же) туруктуу жашаган жери бар адамдарга электр транспортуна ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун берүүгө жол берилбейт".

Тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБдин 8703 80 000 2 СЭА коду боюнча классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттары үчүн, Кыргызстан үчүн 2024-жылы 10 миң бирдик жана 2025-жылы дагы 10 миң бирдик өлчөмүндө каралган.

Тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн узартуу мындай автотранспорт каражаттарын кеңири жайылтууга, зыяндуу газдарды жана зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга, ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртуу, инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө, электр транспортторуна суроо-талапты стимулдаштырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларынын тармагын өнүктүрөрү күтүлүүдө.

Тэги: электромобиль импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть