Эмне үчүн «Дордой», «Кара-Суу» ККМсиз, ал эми башкалар ККМ менен иштейт?

01.12.2023, 16:20 Акчабар
Эмне үчүн «Дордой», «Кара-Суу» ККМсиз, ал эми башкалар ККМ менен иштейт?

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта соода ишмердүүлүгүнө патент жоюлат. Буга байланыштуу базардагы соодагерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүүгө туура келет. Мындай талаптан “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары гана бошотулган. Бул чара борбордогу сатуучулардын нааразычылыгын жаратты. Бир нече күндөн бери Бишкектеги базарларда биринин артынан бири митинг өтүп, ал тургай аймактарда да наарачылык акциялары болууда.

Соодагерлер маселе чечилмейинче жумушка чыгып, орундарын ачуудан баш тартышты. Митингчилер салык реформасына – атайын салык режимин киргизүүгө жана көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонууга каршы.

Алардын айтымында, атайын салык режими алардын көйгөйлөрүнө кошумча болду. Айрыкча тигүү тармагында иштегендер үчүн көптөгөн суроолор жаралууда. Буга байланыштуу митингчилер патент системасы менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.

Экономика министрлиги “Акчабарга” учурда патентти жокко чыгаруу тууралуу сөз боло электигин билдирди.

“Биз эки жылдан бери бизнес менен адилет салык маселесин талкуулап келебиз. Түшүндүрүү жыйындары да, тилекке каршы митингдер да болду. Мына ушул жолугушуулардын баарынын жыйынтыгында бир пикирге келдик. Патенттен бирдиктүү салык режимине өтүүнү жеңилдетүү үчүн салыктын ставкалары төмөндөтүлгөн. Тактап айтканда, товар жүгүртүү 8 млн сомго чейин болсо, ишкерлер салыктан толугу менен бошотулган. Эгерде 30 млн сомго чейин болсо, анда тарифтер 4%дан 0,5%га чейин төмөндөйт. Бир гана талап – кассалык аппаратты колдонуу (ККМ). Биз көрүп тургандай, соодагерлер патент алып, алардын соода жүгүртүүсү төмөн деп белгилешет, бирок чындыгында андай эмес. Соодагерлердин арасында соода жүгүртүүсү 100 млн сомго чейин жеткендер да бар”, - дейт Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков.

Ал соодагерлердин митинги калкка мурунку патент системасында каларына үмүт берди. Бирок, система мурункудай болбойт.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда салык системасын модернизациялоо (ред. жаңылоо) зарыл. “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын бошотулушу боюнча айта турган болсом, бул эки базарды башка базарлар менен салыштырууга болбойт. Алар реэкспорттук потенциалы бар ири базарлар жана өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмесине киргизилген, анда көп адамдар иштейт. Ошондуктан бул эки базар үчүн ыктыярдуу түрдө жарыяланган жүгүртүүгө жараша салык төлөөнү караган атайын салык режими түзүлдү. Бул базарлар ККМден бошотулган жана бул зонада бир контейнерден экинчи контейнерге сатуу жүргүзүлсө, ЭТТН (товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү) колдонулбайт. Бирок, бул өкмөт башка базарларды анчалык деле маанилүү эмес деп эсептейт дегенди билдирбейт, башка базарлар үчүн, мен айткандай, бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөтүлгөн жана биз техникалык маселелерди кароого даярбыз, бирок патентти жокко чыгаруу болбойт”, - деди Кубанычбек Исабеков.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, апрель айында 80 миң субъект патент менен соода жүргүзсө, учурда алардын саны 20 миңдин тегерегинде. Көптөр бирдиктүү салыкка же башка режимге өтүшкөн, азыр маселе айрым базарларда гана болуп жатат.

“Кыргызстанда салыктын ставкалары эң төмөнкүлөрдүн катарына кирет. Ошондой эле, өлкөдө ЭСФ (электрондук эсеп-фактура) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркылардан болуп 2020-жылы киргизилген. Казакстан аны 2015-жылы эле киргизген. Монголияда жада калса адамдар мал сатканда да ККМди колдонушат. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз артта калганбыз, бирок азыр керектүү параметрлерге жакындап жатабыз. Албетте, Кыргызстанда бардык эл ККМге каршылык көрсөтпөйт, көпчүлүгү кассалык аппараттар жана ЭТТН менен иштөөнү түшүнбөй жатат. Биз муну түшүнөбүз, бирок бул бухгалтердик эсеп куралдары. Салык кызматы бул системалар боюнча окутуу, түшүндүрүү иштерин улантат. 8 млн сомду декларациялап, мамлекетке эч нерсе төлөбөгөн соодагерлерге да келечекте чара көрүлөт. Бул ириде мамлекеттин күчтөнүшү жана өз функцияларын аткарышы үчүн зарыл”, - дейт Кубанычбек Исабеков.

Тэги: ККМ ЭТТН ЭСФ салык саясаты Дордой Кара-Суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть