Эртең 5 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

25.12.2023, 10:56 Акчабар
Эртең 5 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

26-декабрда Бишкек шаарында дебитордук карызы үчүн 5400дөн ашык абоненттин дистанциондук түрдө жарыгы өчүрүлөт.

Маалыматка ылайык, жаңы жылга карата ыңгайсыздыктарды жаратпоо жана электр жарыгысыз калбоо үчүн Бишкек шаардык ЖЭБи абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Компаниянын веб-сайтында “Абоненттик баланс” бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турак-жай жана өнөр жай абоненттери каалаган убакта өздөрүнүн жеке эсебинин абалын көрө алышат.

Кошумчалай кетсек, турак-жай абоненттери өз балансын “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу, аны “Play Market” жана “AppStore” аркылуу орнотуп биле алышат.

Тэги: Электр энергия дебитордук карыз жарык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть