«Евразия канаттуулар фабрикасы» 8 млн долларга жаңы ишкана курат

06.12.2023, 10:16 Акчабар
«Евразия канаттуулар фабрикасы» 8 млн долларга жаңы ишкана курат

Ысык-Көл районунда жайгашкан “Евразия канаттуулар фабрикасы” жаңы канаттуулар фабрикасын кура баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Евразия канаттуулар фабрикасы” ЖЧКнын ортосундагы келишимдин суммасы 8 млн долларды түзөт.

Белгилеп кетсек, мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер пайдаланууга берилди.

Мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өлкө калкынын 60%ы айыл жеринде жашагандыктан, өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

“2022-2023-жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында 43 млрд сом бөлүндү”, - деди ал.

Тэги: канаттуулар чарбасы фабрика кыргыз-орус өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть