Евро биримдик Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган калктын санарип сабаттуулугун жогорулатуу үчүн 991 миң евро бөлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа биримдигинин сайтында маалымдалат.
Долбоордун максаты — Ош жана Ыссык-Көл облустарына караштуу элет жериндеги аял жана жаштарды колдоого багытталат.
700гө жакын адам эстониялык жана кыргызстандык эксперттердин семинарларына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кошумчалай кетсек, долбоордун мөөнөтү 30 айга созулат.